буула

китептерде 27 жолу, 7 китепте
  1. Бууга алуу.
  2. Металлдын буусуна кармоо, металл эритиндисин жалатуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күйдаң дөө келди сүр менен, / Келгин суудай бууланып, / Алда канча түр менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сүйлөсө сөзү бууланган, / Сүйкүмү артык бир улан, / Тигип койгон өргөөгө, / Алып келип кирээрде, / Алдында басты Көкөйүң, / Кызынын жайын билерге, / Башын салса эшиктен, / Байкуш кызы элейип, / Карап калган селейип, / Тартып койгон сүрөттөй, / Жаны жоктой делейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ип калчылдап, / Чарт айрылып аткандай, / Тоо козголуп калтылдап, / Таштар кулап жаткандай, / Көл чайкалып дүрүлдөп, / Кургак жерди баскандай, / Сел келип кыйан бууланып, / Жер бузулуп жаткандай, / Кыйын заман иш болду, / Чойун алп менен Кененим – / Эки баатыр кез болду, / Калдагай кулак камынып, / Балта менен бир койду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бүткөн бойун күбүнүп, / Сакал-мурут сыланып, / Он беш жашар баладай, / Чапкылап барат бууланып, / Кирип барды айылга, / Эл жатар кезде дууланып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мен буулантып жоого кирбедим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →