буудайык2

китептерде 25 жолу, 3 китепте буудайык 1 →
  1. Буудайга окшогон чөп, буудай баштанган жапайы чөп.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ей бутун сунултуп, / Айагы менен таш жарып, / Адырларды аттатып, / Жагалмай болуп тим эле, / Тайаганда бешимге, / Алматынын токойго, / Салып кирип келди эле, / Буудайык хандын Музбурчак, / Ителгисин куу-куулап, / Ит агытып, куш салып, / Калдайтып бүркүт кошо алып, / Өңчөй баатыр уландар, / Үч жүзчө жигит котчу алып, / Жүргөн э… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Буудайык хандын Музбурчак, / Сакалы келген бир кучак, / Саадагы күмүш, карк алтын, / Салтанаттуу көп казак, / Жеткен экен жол менен, / Сексен төрт санча кол менен, / Кол эсебин алды эле, / Колун катка салды эле, / Өзүмдүн досум дегенсип, / Көк жоргосун түйүлтүп, / Куйругун жерге шүйүлтүп, / Баштап Бакай жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айдаркандын эр Көкчө, / Айбаты жандан бөлөкчө, / Коңур кесип баш алды, / Тулку бойу тен калды, / Буудайык хандын Музбурчак, / Бурулбай кетти бул дагы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Батасы журтту байыткан, / Олуйа Кошой бараткан, / Анын арка жагында, / Буудайык хандын Музбурчак, / Муруту келген бир кучак, / Селдесин кыйгач чалынып, / Үстүнө суптан жамынып, / Кыпкызыл канга малынып, / Минген аты боз экен, / Абаң Бакай карыга, / Акыреттик дос экен, / Ал дагы кетип баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Буудайык конду туурума, / Булбул-булбул конду талыма. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →