бутта1

китептерде 40 жолу, 8 китепте
  1. Унаага минүүгө буттап алып көтөрүп жардамдашуу.
  2. Буттан байлоо, тушоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алыстан келген жаш арстан, / Аппак темир болоттон, / Алты айлантып курчанып, / Кийгени темир көгөрүп, / Буттап темир өңөрүп, / Найза колдо зыңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Айбалта жанда жалтылдап, / Асаба колдо калкылдап, / Кылыч белде шыңгыр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ашып солушуп, / Көттөрүн жерге койушуп, / Кайта ордунан кобушуп, / Аттарына камынып, / Күрөөкө тонду жамынып, / Күркүрөшүп күч алып, / Күкүрттөй ичи тутанып, / Буттап темир курчанып, / Аңгычакты болбоду, / Күүгүм кирди күн батып, / Аскер түштү атынан, / Даам ичип, тынч алып, / Жана чыкты таң атып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бешкулактын кийгени, / Алты кабат күрөкө, / Күрөөкөнүн сыртында, / Бутта калдыр теминген, / Көөдөнүндө чарайна, / Калдыраган темирден, / Башындагы туулга, / Баары чойун келишкен, / Куйма чойун жиги жок, / Отко салып эриткен, / Далыда калкан үч кабат, / Бешкулак каапыр келайтат, / Араң жылып пил менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үзөңгү бутта, бак башта, / Жан уйада турганда, / Угуп турсун Сейитек, / Күбө болсун зор Бакай, / Билгини сага бергеним. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алгара минип койкойуп, / Көк жеке бутта чойкойуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →