буткул

китептерде 33 жолу, 6 китепте
  1. Ой-чуңкурлуу, тегиз эмес жер, быткыл.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Топурак учуп боз болуп, / Токтобой тоолор козголуп, / Суу чайкалып чулкулдап, / Ак сазаң балык жылтылдап, / Кара суунун буткулда, / Жайнап жаткан канаттуу- / Каз-өрдөк учуп каркылдап, / Аңыр учуп аңкылдап, / Каракунас, көк кытан, / Таманын суудан тарта албай, / Канаттары салпылдап, / Асм… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Буткул саздын башынан, / Тору атты көрүп Мадыбек, / Кыла албай калды Кабызет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Чыга калсам сеңирден, / Бойу тоодой керилген, / Бели кындай кең белбоо, / Кебез өтүк Кендирбай, / Аркасында айдары, / Тору айгырдын жалындай, / Көзү көлдүн буткулдай, / Көрүнгөнү жуткундай, / Жанказандай башы бар, / Жаткан иттей кашы бар, / Сакалы саадак кабындай, / Жакшы чыккан муруту, / Чоң балтанын сабындай, / Салкыны сы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Будур-будур дүмүр баш, / Буткулда суусу аралаш, / Саздарым, калдың кайыр-кош! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көзү көлдүн буткулдай, / Көрүнгөндү жуткудай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →