бутакта
- Бутак алып көбөйүү.
- өт. Таралып көбөйүү, тармактануу, улануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Буту карап асманга, / Кемерген башы тыгылган; / Бирин-бири кучактап, / Чогулушуп бутактап, / Тиши ачылып ырсайып, / Толгонуп мойну кыйшайып; / Башы жок мойну койкойуп, / Далысы чыгып сокойуп; / Көчүгү чыгып даңкайып, / Карады көөп дампайып, / Алдына…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →