бутак

китептерде 19 жолу, 7 китепте
  1. Өсүмдүктөрдүн өзөгүнө жабыша чыккан тарамдары, шагы, Бутагы көк, бири сынса, бири чыгат, Былк этпей, качан көрсөң, чынар турат (Үмөталиев).
  2. өт. Бир өзөктөн таралып чыккан тукум, жакын тууган.
  3. өт. Кандайдыр бир таяныч, тармак, жөлөк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…н кылбасам, / Ыракым кылбай кыргызга, / Жашы менен карысын, / Айал-эркек - баарысын, / Как боорунан тилбесем, / Ойноп жүргөн балдарын, / Көзөй сайып шилиден, / Бутактарга илбесем, / Намысын колдон кетирип, / Кызы менен келинин, / Айак асты кылбасам, / Селпектетип буттарын, / Акактатып кемпирин, / Далысын жерге сүрбөсөм, / Ооракт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…деп, / Коросон, испан күпүлдөп, / Боз мунарык кызыл чок, / Боздоп учат аткан ок, / Жердин бети чаң болуп, / Чөптөр күйүп күл болуп, / Жыгачтын баары жыйылып, / Бутактарын ок кыркып, / Аңгычакты болбоду, / Коросон менен испандын, / Аркасынан чуу чыгып, / Кутургурдун Саламат, / Жебедей сызып келатат, / Бар кыргыздан озуптур, / Кор… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жекендей болгон бир жанмын, / Жергелеш жок бутагым, / Өңгөдөн мага жардам жок, / Өзүңө жаным тапшырдым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аты Чанак чанаңдап, / Жарагы чынар болучу, / Бутактары салаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Ал үстүмдү каптап, жалбырактуу бутактары туш-тушка жайылып, болгон күчүмдү бүт тартып кетет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →