бут1

китептерде 556 жолу, 10 китепте бут 3 →
  1. Адамдардын, айбандардын, канаттуулардын, ар кандай жан-жаныбарлардын басып жүрүүгө, илгерилеп жылууга, конуп отурууга ылайыкталган мүчөсү.
  2. Ар кандай эмеректердин, столдун жана башка нерселердин жерге тийип, таяныч болуп турган атайын бөлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Үзөнгүдөн бут тайып, / Ооп барып оңолду, / Ороңдогон чочкого, / Абдан шайтан толгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жоон сабоодой буту бар, / Саа жарайбы ушу тай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Темирден кадаа орнотту, / Шуудурдун чылгый терисин, / Эки бутка төрт жерге, / Табарсык менен колтукка, / Эки колдун карыга, / Кокойгон ичке мойунга – / Тогуз жерге салдырды, / Башына каптап таңдырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мынабу чыгдандын жанында, жыртылган электи чүпүрөк салып жамап буту колу жоон, тоголок бир кара катын отурат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Түлкү буту-бутуна тийбей качып отуруп тайгандан кутулбасын билгенден кийин жакын арадагы ийинге кире качат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →