бурчакта
- Тамчы сыяктанып бөлүнүү, тамчы-тамчы болуп агылуу, төгүлүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жалгыз жүрүп Кененим, / Баарысын жеңди жер жаздап, / Ошонун баары сулады, / Кулачтап жерди кучактап, / Токтобой акты көздөн жаш, / Мончоктой болуп бурчактап, / Алдыбызда өлүптүр, / Темир тондуу Шалкымат, / Жез киндиктүү Кикимат, / Кыргыздан чыккан жаш балдар, / Баары мыкты талыкпас, / Эртеден кечке чабышта, / Өжөр …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Калбай бары келишти, / Кабылан эрди көрүштү, / Кайран абаң кан какшап, / Көзүнөн жашы бурчактап, / Кызыл канга бойолгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тазкара айтып болгунча, / Тапак келди талпактап, / Чойтолоң келди салпактап, / Тазкара менен Конушбай, / Төртөө келип биригип, / Эр Сейитти кучактап, / Бизди таштап кетпе, деп, / Көзүнүн жашы бурчактап, / Таштап кетсең бул жерге, / Шуркуйадан өлдүк, деп, / Сизди кайдан көрдүк?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айтып жатты буларды, / Көзүнүн жашы бурчактап: / — Тар курсакта жатпадык, / Талашып эмчек татканбыз, / Каныкей сүтүн актадың, / Кайаша мага айтпадың, / Өлүмгө сынап жумшадым, / Башыңды кайра тартпадың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Карөпкө жерди кучактап, / Найзаны тартып алгада, / Кара кан жерге бурчактап, / Балта менен коборбой, / Чыкыйга чапты ошол чак, / Жүрө берди Сомбилек, / Карөпкөгө жер жастап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →