бурчак
- Көгөнгө чиркелип, козулардын мойнуна илип байлоо үчүн ылайыкталып жасалган бир жак учу көзөнөктүү, экинчи учу түйүн болуп байланган жип, Батийна мойнуна көгөндүн бурчагын илип жуманын түнүндө мүрзөгө келди (Сыдыкбеков).
- Ушундай жиптин бир жак учундагы көзөнөк, илмекке өткөрүп коё турган томолоктошкон түйүнү.
- өт. Бөлөк-бөлөк ири тамчы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Муруту келет чоң кучак, / Будайык кандын муз бурчак, / Айдар кандын эр Көкчө / Бардашы журттан бөлөкчө, / Көк күбө чопкут тон кийген, / Көк ала сындуу ат минген, / Музбурчак, Көкчө - эки хан, / Казактан экөө келаткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айтып болуп жаш жигит, / Бойуна кирди кылчылдак, / Маңдайдан тери бөлүндү, / Бурчак-бурчак чылпылдап: / — Тура тургун, Мадана, / Эми эле алып беремин, / Минериңе тулпар ат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ин Темирбек, / Испандакы Ачакан, / Кутургурдун Саламат, / Коросондун Дабытай, / Алып келип аштады, / Жаш баладай шолоктоп, / Эки көзүн жаштады, / Көзүнөн аккан бурчак жаш, / Жакасын жууп чыктады: / — Маңгул, манжу сен элең, / Шибе, солон аралаш, / Канатташ жүргөн эл элең, / Кара кытай кошулуп, / Талабыңар бир элең, / Тайыны …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Арбактарды укканда, / Арстан аты чыкканда, / Бурчак-бурчак жаштары, / Тамчылады Суркойон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Муну айтып Токтосарт, / Көзүнүн жашы бурчактайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →