бурч
- Нерсенин эки жак капталынын кесилишкен жери, кесилишкен жериндеги кычыгы, булуңу.
- мат. Бир чекиттен чыккан эки шоола менен түзүлгөн фигура.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Төгөрөктүн төрт бурчун, / Төрт айланып ким чабат?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Атагын алып берген, — деп, / Адам ата жаралып, / Андан адам таралып, / Жер бетине шаар салып, / Каканчын эли болгону, / Адам уулу барбаган, / Падыша арбак бак бурчун, / Кайнап жаткан Каканчын, / Кызыл деңиз терс агым, / Ошондон бери карата, / Орто жери Чынмачын, / Ат изин ага ким салган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Дүнүйөнүн төрт бурчун, / Тең жарымын ээлеген, / Түгөнгүс кытай эли бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошондо, тышка чыкканда бар көрө турганым: үйдү айландыра салган купкуу там, тамдын бурчундагы жалгыз аттын акыры, анын жанында шылдыраган шакел, баягыда Беккул экөөбүз тогуз коргол ойноп казган чуңкурлар...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Колуктусу алып келген төрт шакегин төрт бурчка ыргытты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →