бурут

китептерде 188 жолу, 8 китепте
  1. тар. Калмактар тарабынан кыргыздарга коюлган ат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манастан бери карата, / Мына бу турган буруттун, / Барбаган жери калбады, / Барган жерин соо койбой, / Баатырдын баарын жалмады, / Сегиз миң жыл жашаган, / Жүйрүн өңдүү чоң дөөнүн, / Сууруп тилин жеп алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кызыталак буруттун, / Кылбаганы калбады, / Барбаган жери калбады, / Ашпаган бели калбады, / Жеңбеген эри калбады, / Албаган шаары калбады, / Чоң Бежинди баш кылып, / Далай шаарда… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Көрдүңөрбү бурутту, / Дөөкан, Банус хандардай, / Сотой, Соксо калдайдай, / Мени ошондой көрүшүн, / Ойлобой келген бул бурут, / Айжаңжүндөн өлүшүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бир күн келип Таласка, / Ач көзүн салып алашка, / Камал кылып күн бербей, / Бизди жаман курутту, / Коңурбай кебин жаңыртып, / Жоготом деп бурутту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Чоросу мындай болгондо, / Буруттун, төрөсү кандай неме экен? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →