бурулуш

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Имерилиш, кайрылыш.
  2. Өзгөрүш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аламан үстү башкача, / Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу чайпалып, / Суу сыйактуу чайкалып, / Найзаларын көтөрүп, / Чокморлорун өңөрүп, / Башындагы чылк темир, / Кийгендерин чөгөрүп, / Эрдин көбү өбөктөп, / Аты келет дүбүрттөп, / Тургандары аз эмес, / Бурулушта өңүттөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бута атым узай бергенде, / Бурулушка келгенде, / Бууданын көкжал көргөнү, / Аккула менен аргытып, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…зкара, / Тоспосо болду жолдон” деп, / Чычкансурду мойундап, / Сакалын катып койундап, / Олбуй-солбуй теминип, / Оң-тескери камчылап, / Качып келет Куткарбас, / Бурулуш жолго бурулуп, / Аттын изин жашырып, / Агындын салып ичине, / Алдадым деп Сейитти, / Куткарбас ойлойт ичинде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бакайдын үнү чыкканда, / Угуп калып Канчоро, / Бурулушту бир жерге, / Бугуп тура калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бул сөздү түлкү баштап, төөнү карызга соймокко, ага бурулушту: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →