буруксу
- Буркурап жыттануу, күчтүү сезилген жыт.
- Бурулдап чаңдоо, уюлгуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аты-жөнүн сурабай, / Ачууланып Акым дөө, / Айал-үйөл кылалбай, / Найзасын күүлөп сундуруп, / Кара туман артынан, / Топурак учуп буруксуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аркасынан Калыбек, / Келгин деген кеп угуп, / Кылчайып артын караса, / Топурак учуп буруксуп, / Тийип турган жарык күн, / Сурданып булут бузулуп, / Келе жатат Кененим, / Кеңкула менен сыздырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Атырдай жыты буруксуп, / Адамды алдайт шум дүйнө, / Алтын алып, мал алып, / Ажалга калды бул күндө, / Жалгандыгын билгизбей, / Шектендирди бул күндө, / Биз баашабыз деп келген, / Коргондон башка шаары жок, / Коркот деп бизден кыргыздар, / Жалгандыгы дүйнөнүн, / Жалдыратат ушундай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кыбыла жагы куркурап, / Кызыл кум чаңдап тунарык, / Аркасынан буруксуп, / Чыдай албай жаткан чөл, / Баш аламан удургуп, / Суркойон менен чуратып, / Султандын уулу Гүлүстөн, / Сейитке келди көрүнүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Келатканын карасаң, / Чакчелекей – будуң чаң, / Жер жарылат тумандан, / Асманды карай созулуп, / Аркасынан топурак, / Жөө тумандай уйулгуп, / Күндүн нурун далдалап, / Боз топурак буруксуп, / Казаптанган бул чочко, / Бала жолборс беренден, / Ардангандан чыдабай, / Аты-жөнүн сурабай, / Айабай жанын үрөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →