буртуй
- Бултук-бултук болуп көрүнүү, урчуйгандай болуп чыгып туруу, бултуйган көрүнүштө болуу.
- Бултуюп таарынуу, мурчуюп унчукпоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Аның Чоңкол десе, Чоңкол эле чиркин: эки колу токмоктой болуп, чүйлүсү казыдай буртуйган, муруту чычайып, көзү кутурган иттей кыпкызыл, сүрдүү келген, очойгон чоң орус эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Казы-карталар сүрсүп, тоңгон муздай буртуюп турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →