бурса

китептерде 9 жолу, 5 китепте
  1. 18–19-кылымдардагы Россия, Украинадагы жатаканасы бар диний окуу жайы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кылыктуу болгун боз балдар, / Баш кишиңер Орунбай, / Мойнуңду бурсаң кеп укпай, / Келгенде угам кылганын, / Мен кежирдин биримин, / Бириңе тийип кетпесин, / Бириңдин кылган кесирин, / Алын сурап тургула, / Жетим менен жесирдин, / “Карынын кебин бурчултпай, / Капка салып сактагын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Таманына шиш кагып, / Тамтаңдатып жүргөндө, / Айрып алып Таласка, / Алып барып тактырсам, / Тузга сийип, чунак ит, / Арамдык ойлоп сен турсаң, / Азыр да кесем башыңды, / Жамандыкка көөн бурсам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Арамга көңүл мен бурсам, / Анты достук урбайбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Душманымды кем кылсаң, / Эмгегиме дем кылсаң, / Кыйалымды чыгарып, / Кызматыңды мен кылсам, / Акылыңа төрдүрүп, / Айтканыма көөн бурсаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сен албайсың, бересиң, / Мойнуңду бурсаң, сен калча, / Азыр менден өлөсүң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →