буркулда

китептерде 18 жолу, 7 китепте
  1. Оргуп, түрмөктөлө көтөрүлүү, буртулдоо, бурпулдап чыгуу.
  2. Аябай ачып, көбүрүп-жабыруу, көбүктөнүү, ашып-ташуу.
  3. Бурк-бурк этүү, күүлөнүп-күчөнүү.
  4. Жактырбай урушуу, долулануу, албууттануу.
  5. Бурп-бурп этип чыгуу, буртулдоо.
  6. Ачуулануу, долулануу, албууттануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Топурак учуп буркулдап, / Шамал чыгып зыркырап, / Күн тумандап боз болуп, / Таш быркырап кум болуп, / Булуту жок бүркөлүп, / Буруусу жок чүмкөлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ап, / Жолборс келет күркүрөп, / Жалын келет дүркүрөп, / Шамал келет аркырап, / Сел түрүлүп шаркырап, / Жылан келет жыйрылып, / Эки көзү жаркырап, / Буура келет буркулдап, / Оозунан көбүк буртулдап, / Бука келет бултулдап, / Түлкү келет кылтылдап, / Чөө каткырып шыңкылдап, / Кабылан келет карсылдап, / Кутурган иттер арсылдап, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Куу тайган келип иңдендин, / Алдынан өттү арсылдап, / Куу тайган менен Куу иңген – / Экөө ойноп кылтыңдап, / Секирип тайган кыңшылап, / Койкоңдойт иңген буркулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Оозунан көбүк буркулдап, / Соотун оңдоп курчанып, / Бүткөн бойун топчулап, / Кара бойун упчулап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кирген нардай буркулдап, / Жетти бетбак жакындап, / Сомбилекти ошондо, / Карасаң сонун ошого, / Ээги ээгине тийбестен, / Ачуудан тиши шакылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →