бурку
- сейр. Түрдүү, түркүн (эпостордо).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп оолугуп ламасы, / Башын силкип буркундап, / Нары кетип шалактап, / Бери болуп булактап, / Опсуз жаман күүлөндү, / Оозунан көбүк буркулдап, / “Каргаса лама оңобу, / Бекбача иши болобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Боз улан, сулуу кыз албай, / Болушунча пул албай, / Буркутуп айдап мал албай, / Ала берсе арбын мал, / Эсине түшсө ушул эл, / Жамбашынан таш өтүп, / Калат экен жаталбай, / Дүнүйө мүлкүн албады, / Каратилге сөз берип, / Дөрбөн менен Отордун, / Хан көтөрдү ордуна.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…кансып, / Суу чайкалып аккансып, / Толкуп көлдөр чайкалып, / Жер силкинип кыйшайып, / Бараткандай көрүнүп, / Кыйын уруш кездерде, / Жети миң калмак кошуунун, / Буркундатып кубалап, / Хандар айдап жетти эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Каңгайдан келген эр Сакта, / Бойу тоодой бир барча, / Саадагын салып мойнуна, / Жебесин алып колуна, / Бар сайманы бойунда, / Бастырып чыкты буркундап, / Ылат-мылат булардын, / Колдой турган кудайы, / Катылуу жүрөт койнунда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Урган найза күркүрөп, / Тийген найза табына, / Чыдай албай Мадыкан, / Сийдиги чыгып буркуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →