бурканда

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Көбүрүп-жабыруу, көбүктөнүү, ашып-ташуу, бууракандоо, буркан-шаркан түшүү.
  2. Кезегинде суу кирсе, кызыл чийкил болуп буркандап, ылай көбүктөрун көккө серпет (Байтемиров).
  3. Буркан-шаркан түшүп ачуулануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Деп күркүрөп чоң Сетер, / Мурункудан беш бетер, / Булгалап найза качырып, / Буркандап Сетер бакырып, / Тике карап Кененге, / Типтик тийди акырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ооздорунда буркандап, / Өпкөлөтүп теминип, / Атына минип жөнөдү, / Сууга түшкөн түнөөдөн, / Көгүчкөндөй чокчоңдоп, / Калмактар кетип тарашты, / Мен барам деп өзүнчө, / Келгендерди санашты, / Кырк бир миңге толуптур, / Кыргыздардын санаты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
– Ошондой бол, таз балам, кар буркандап жамгыр жааганда, жем издеп кокус мен барсам, тузак тартып ата энемди, бала-чакамды кармап алгансың. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →