буркан-шаркан
- Суунун бууракандап акканын же суюк нерселердин катуу кайнаганда чыккан дабышын, көбүрүп-жабырганын, көл-шал түшкөн абалды билдирүүдө колдонулат.
- Уу-дуу болгон кызуу, жандуу кыймылды билдирүүдө колдонулат.
- Албууттанууну, бууракандап ачууланууну, буркулдап долуланууну билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ун тапшырды, / Тоопчунун баарысы, / Кудайды карап баш урду, / Аңгычакты кула атчан, / Бирөө келип жолукту, / Менден сурап кеп угуп, / Кудайды тилдеп оолукту, / Буркан-шаркан көбүрдү, / Кудайды тилдеп ал киши, / Көңүлүмдү миң бөлдү, / Тоопчуну таштадым, / Айтайын деп ушуну, / Ашыгып бери чапканмын, / Мындан башка кебим, жок, / Ушул …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Деп ошентип Алмамбет, / Буркан-шаркан күүлөнүп, / Айдай бети кумсарып, / Албан-албан түрдөнүп, / Сабыр кыла токтолуп, / Муну айтты кыйналып: / — Музбурчак, Бакай - карыбыз, / Сыймык качып кыргыздан…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Акун хан баарын жемелеп, / Буркан-шаркан түштү дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Сиздин бул кылыгыңызды байкаса, буркан-шаркан болуп ачууланып өзүңүз жаздым болбоңуз, мейли жей бериңиз!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →