бурк
- Түтүндүн, чаңдын ж. б. бүрккөн сыяктуу үзүлүп-үзулүп буртулдап, бур-бур этип атылып чыгышын билдирүүдө колдонулат.
- Ороңдой үн чыгарып, жактырбаганын же таарынычта экендигин билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Чокмор таамай тийди белем, жүнү бурк эте түштү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ар кайсы жерлерде анда-санда бурк эткен мылтык түтүнү гана көрүнүп калат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бирок ал жерден чаң бурк этип, булжерден чаң бурк этип, бала жетпей калат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →