бурда

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Жулкуп тартуу, капшыра кармоо.
  2. Аптыга тамактануу, лапылдатып сугунуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Керкөкүл менен Агышты, / Далыдан чапчый алганы, / Бурдап басып тизелеп, / Эр Манастын жолуна, / Курмандыкка чалганы, / Карап турган көпчүлүк, / Кой деп айта албады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эс нерсени элебей, / Күң дегенде кенебей, / Кайнатаң келет дегенде, / Бурдап-бурдап сугунуп, / Өлүчүдөй ченебей, / Бүтүрдү жеп баарысын, / Каалаганын бергенде, / Жеп болдум эми, дегенде, / Далайды көргөн Чыныке: / “Мен Сейитти төрөрдө, Жолборс… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бурдап кармап этегин, / Эми өөдө кыларда, / Колтукка жетсе баланы, / Кыса кармап тынарда, / Тура калып Айчүрөк: / — Баланы алып багууга, / Эби келбейт эркектин, / Айрыкча Кыйаз сен өзүң, / Өтө эпсең экенсиң, / Ачылып калган турбайбы, / Суук тийип жөтөлүп, / Азабын тартат экемин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кылычын тартып кынынан, / Бурдатып чаңды кыйрынан, / Ач кыйкырык, куу сүрөөн, / Манастап ураан чакырган, / Кайта кирди чамынып, / Ал Ойротко кабылан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
— Ах ты, чорт — деп келип, кулагымдан бурдап алып, тартып-тартып жиберди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →