бургуйла
- Тез жүрүү, катуу жүрүү.
- Бурулдоо, буркурап чыгуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…т, / Жерди карап тиктесе, / Күн баткандай күүгүмдөйт, / Оң жагына караса, / От күйгөндөй жалындайт, / Сол жагына караса, / Алты сай мөндүр борошо, / Алай-дүлөй бургуйлайт, / Далысында мылтыгы, / Айнектен бетер жалтылдай, / Жанындагы кылычы, / Жакут таштай жылтылдайт, / Белиндеги айбалта, / Дүкөндөкү темирчи, / Узангандай шаңкылд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аттай басып адырды, / Каттай басып аңдарды, / Карбаластап келаткан, / Түптүү чынар көтөрүп, / Кененим кетип бараткан, / Аркасынан бургуйлап, / Шамал чыгат кула аттан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кызыл жалын бурулуп, / Шамал чыгып ар жактан, / Жалындын баары бургуйлап, / Сейитиге урунуп, / Кетер айла көрүнбөй, / Тирүү жандар кутулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жамгырдай түшкөн от келсе, / Жайнаган кызыл чок келсе, / Үч имерип булгала, / Ок тийип киши өлбөйсүң, / Жайнаган чокко күйбөйсүң; / Борошолоп күн жааса, / Бургуйлап шамал каптаса, / Туман болуп боз түшсө, / Күн көрүнбөй түн түшсө, / Бөлүнбөсүн көөнүңөр, / Манастап ураан чакырып, / Көйнөктү желпип көрүңөр, / Сыйкыр колдуу э…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Орто жери ойулуп, / Тегеренип бургуйлап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →