бургу2
- Уюлгуп көтөрүлүү, бурулдап чыгуу.
- Аңкуу, буркурап жыттануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бекбачадан кеп угуп, / Барсаң баргын деп угуп, / Жолдош алып он киши, / Жөнөп кетти бургутуп, / Жоргосун жолго чулгутуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Деп айтып, / Айланайын кулунум, / Атыңдын башын бургунуң, / Айал кылып тургунуң, / Чалдын кебин угуп ал, / Чанаңдаган жетимим, / Андан кийин жолго сал!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Орто жерин ой кылып, / Эки четин коо кылып, / Арасын ачып жол кылып, / Каскактын учун кан кылып, / Испандын башын маң кылып, / Желип жүрөт бургутуп, / Топчу кулак кер аттын, / Топко башын чулгутуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Арамдык кылып жалгыздап, / Бастырса өтөөр суу бойлоп, / Алмамбет анда соо койбойт, - / Болоор ишти болжолдоп, / Эр Чубакка туйгузуп, / Чубакты мында тургузуп, / Азганакей агын суу, / Алмамбет кетти бургутуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бүлдүргө такчуу жерине, / Бургу салып көзөткөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →