бурана

китептерде 5 жолу, 2 китепте
  1. ар. Баш жагы кууш келип, бийик салынган архитектуралык курулуш, мунара.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Майбулак өрдөп басыптыр, / Бурана менен Төө жайлоо, / Суусамыр менен Тараша, / Такыр элге барыптыр, / Элден кабар алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Бурананын белинен, / Булуттун алды четинен, / Буркураган чаң чыгат, / Бөлөк-бөлөк туу чыгат, / Кой маараган сыйактуу, / Кулакты жарган дуу чыгат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айкөл Манас баштаган, / Катардагы он үч хан, / Күн бешим чен мезгилде, / Бурананын белинде, / Колдун артын караса, / Бурананын ойунда, / Колдун алды калгылдайт, / Табылгынын чогундай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →