бур2
- Негизги же бет алган багытынан башка жакка багыт алдыруу, бет алдыруу.
- Өзгөртүү, башкача кылуу.
- Бөлүү, кандайдыр бир нерсеге карата топтоо, көңүл коюу, багыттоо.
- Буралган абалга келтирүү, толгоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күүлөп-күүлөп булгалап, / Буркун, буркун, буркун, деп, / Атын айтпай Ламалап, / Бекбачаны көмө чаап,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Селт эте түшүп Чигитей, / Байкап көрсө “жигитти”, / Эркек эмес катындай, / Анык байкап караса, / Энеси болчу асылдай, / Ошон үчүн Чигитей, / Медерканга катылбай, / Оң жагына бурулду, / Оң жакта Торгой турду бу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Дүнүйөнүн бурчуна, / Кеңкула менен оң тартып, / Таласты карай жол тартып, / Эрте басып, кеч жатып, / Караңгынын чапанын, / Калдайтып чүмкөп жамынып, / Ат айабай келатып, / Ачамай айры бир жолдон, / Туйактын ойгон жеринен, / Көлчөк болуп суу толгон, / Ат изин көрдү Кененим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Алты күн уктап күнү-түн, / Аскердин баары туруптур, / Эмики болор жумушка, / Алакең көңүл буруптур, / Аскерди жыйнап Алмамбет, / Айтты кебин мындай деп: / — Азыркысын зор душман, / Оркундун улуу суу деймин, / Күндү жайлап кечпесек, / Жан калбайт деп ойлоймун, / Азыр болуп баарыңар, / Ат-атыңды байлап ал!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ойлоп атып уктабай, / Таң агарды түнөөдө, / Кара дөө камбыл эр эле, / Кийгени соот күрөккө, / Эртең менен көрүнсө, / Бурулбай кармап көрөм, деп, / Курч байланды жүрөккө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →