булуң

китептерде 9 жолу, 4 китепте
  1. Бурчтанып кирип кеткен бурулуш, имерилиш жер, бурулуш, имерилиш, далдаа, буйтка.
  2. Деңиздин, көлдүн кургактыкты карай бурчтанып кирип кеткен жери.
  3. Бурч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…н сырты жарылып, / Баатырлар колу дал болуп, / Көтөрүлбөй колдору, / Бүткөн бойу шал болуп, / Кылычтын баары кыйрады, / Кылайып жумуш бүткөн жок, / Олпоктондор булунуп, / Ат башындай булалар, / Кармаган жерден жулунуп, / Кемер курлар үзүлүп, / Кеткен жок аттан түшүрүп, / Бирин бири алган жок, / Ойлогон ишин бүтүрүп, / Жай- жа… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…зандык менен бул тонду, / Кыргыздын уулу кийе албас, / Бий болдуңуз, ажым, — деп, / Бийлик тонду алың, — деп, / Кыпкызыл түлкү жакасы, / Кара баркут кыргагы, / Булуңдарда каргыма, / Боржуйган сонун саймасы, / Хан Манас сунуп Ажыма, / Калдайган тонду карматты, / Мына укмуш тамаша, / Менсеп берди башына, / — Куттуу болсун сыйлык, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Түндүк жакта жана тоо, / Ал кайериң Алмамбет, / Кабарың айтчы сен ошо?- / Алмамбет анда кеп айтат: / — Баарың көрдүң, үч баатыр, / Байкап уккун деп айтат, / Булуң тартып бурчтанган, / Мунарыктап урчтанган, / Дөөлөр менен беттешкен, / Күч ортосун чектешкен, / Чепечеп шаанын шаары ошо, / Кытайга бери аралаш, / Айтылып калг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Отуз түрдүү сырдатып, / Булуңдарын кырдатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…о калып Бакдөөлөт, / Балтасын шилтеп калганы, / Баатыр бала Сомбилек / Балтасын башка тийгизбей, / Кар жиликтин булчуңга, / Качырып найза сайганы, / Булчуң эти булунуп / Жаткан иттей булчуң эт, / Ыргып кетти чулуйуп, / Колундакы балтасы, / Жерге түшүп дулуйуп, / Буудан бала Сомбилек, / Чаңдан чыкты суурулуп, / Томолотту атына… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →