булуттан
- Булут пайда болуу, булут каптоо, булут басуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Чарчады Катай билдим, — деп, / Чуу салам деп кыргызга, / Таңгыттан Дөрбөн келдиң” деп, / Отор айткан бул бир кеп, / Ханы айтса туралбай, / Каарданып бул капыр, / Кандуу найза кого алып, / Катайды эрден куткарып, / Каршылашып баатырга, / Бу кан иччүүдөй сумсайып, / Ачуусу келди Чигитей, / Булуттан бетер кумсарып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ушуң жөнү кандайча, / Бардыгын айткын жашырбай, - / Ажыбай анда мындай дейт: / — Буйрук кылып кат берген, / Бузулбас баашам сен болсоң, / Буйрук алып колума, / Булуттан күлүк ат минип, / Барган киши мен болсом, / Барбачу киши болобу, / Барбаган ойго койомбу, / Жети күндөн күн болжоп, / Билермендик мен кылдым, / Бул күнөөмдү ар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ри, / Болжогон жерге Кутубай, / Асталай басып жеткени, / Гүлчоро менен Айчүрөк, / Караңгынын чапанын, / Калдайтып чүмкөп жамынтып, / Жамгырдан сөйкө салынып, / Булуттан парда бүркөлүп, / Узун көйнөк, кең салбыр, / Этеги жерге сүйрөлүп, / Муңдуу байкуш кургурлар, / Сүйлөшүп алсын дегенсип, / Жылдыздын баары жылмайып, / Булут же…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Буркурап шамал айдады, / Булуттан неме калбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Булуттан чыккан күнчөлүк, / Ысыгы бар ушунча, / Ызгаары бар бетбактын, / Кышкы желде суукча.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →