бултулда
- Булт-булт этүү, улам бир жагынан бултундап туруу, толук көрүнүштө болуу.
- Жылт коюу, кылт коюу, булт коюу.
- Каардануу, тултуңдап, жактырбаган түр көрсөтүү, бултуңдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бөлүнүп калды Медеркан, / Урушкандай бултулдап, / Эти семиз булкулдап, / Өзү жакыр култулдап, / Сакалы кыска мултулдап, / Элди баштап кулжуңдап, / Жолго түштү купулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Калканы жондо калкылдап, / Кылычы белде жаркылдап, / Маңдайында эки көз, / Тоо кагындай жылтылдап, / Алты маңгыт тойгундай, / Эки бети чочконун, / Тай торпоктой бултулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жылан болуп жыйрылып, / Жерде сойлойт сыйрылып, / Чычкан болуп бултулдап, / Качууну билет мултуңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…п, / Шамал келет аркырап, / Сел түрүлүп шаркырап, / Жылан келет жыйрылып, / Эки көзү жаркырап, / Буура келет буркулдап, / Оозунан көбүк буртулдап, / Бука келет бултулдап, / Түлкү келет кылтылдап, / Чөө каткырып шыңкылдап, / Кабылан келет карсылдап, / Кутурган иттер арсылдап, / Асманда кузгун таркылдап, / Кажырлар келет далпылда…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бука менен бултулдап, / Жүрүп берди шартылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →