бултакта

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Бултак-бултак эткен абалда болуу, бултулдап чайпала кыймылдоо.
  2. өт. Тайсалдоо, амал таап башка жолго салып кетүүгө аракет кылуу, жазгырып кетүүгө аракеттенүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жоокалатпай чыныңды айт, / Боло турган сырыңды айт, / Бултактасаң кеп жасап, / Силерге даба табылбайт! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көрө салып кардыгач: / — Калдыктын алды аң экен, / Аң болбосо жар экен, / Түз кете албай бултактап, / Жол таба албай калды, — деп, / Мен тосойун алдын деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кандай келди бул жерге, / Кезигип калып Музбурчак, / Шыгай менен Текечи - / Үчөө катар турган чак, / Катардагы хандарды, / Каршы-терши сулатты, / Качырбастан бултактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жүз кубулуп кылчакташ, / Түлкү болуп бултакташ, / Ашырып сүйлөп эр макташ, / Чала күлүп ырсакташ, / Жалооруп жалган жыртакташ, / Ичинде бүгүп кир сакташ, / Оозу менен оң айтыш, / Билгизбей туруп сыр тартыш, / Арбын билет дөө уулу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Акун ханга жиберди, / Калдайган кара кат жазып, / Айагына мөөр басып: / “Айткан сөздөн танбаса, / Акун хан жооп берсин — деп, / Алдадым десе бултактап, / Атышар жерге келсин — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →