бултай
- Бултуюп ачык чыгып калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эр Турумбек көчүгү, / Ээрден ооп бултайып, / Үзөнгүдөн бут тайып, / Жыгылчудай кыйшайып, / Жер тайанбай оңолду, / Өтө сонун иш болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Дабытайдын найзасын, / Сайдырбай кагып жиберип, / Колундакы найзасын, / Оңдоп кармап имерип, / Кыйа тарта бергенде, / Кыйрына кирип келгенде, / Кый сүйбөөгө бир сайды, / Кызыталак Дабытай, / Ээрден көчүк бултайып, / Үзөңгүдөн бут тайды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ээрден көчүк бултайып, / Үзөнгүдөн бут тайып, / Телкызыл жалын кучактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сур качырдан чоң доңуз, / Томолоно жаздады, / Ээрден көчүк бултайып, / Үзөңгүдөн бут тайып, / Куйушкандын кошунан, / Араң кармап кыйшайып, / Ооп барып токтолду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…й агып шалпылдап, / Өлчүдөй көзү тиктенип, / Тиштерин чайнап качырап, / Жоолук салбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлүп калат ырсайып, / Тили чыгып бултайып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Бир жакка мойну кыйшайып, / Аркасын карап кылчайып, / “Акыр-чикир келгин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →