булкун
- Жулунуп-жулкунуу.
- Алкынып буркан-шаркан түшүү, албууттануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Билип калат экен, деп, / Кайта басты Каракөз, / Булкунгандай табышы, / Кулагында угулду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бетер кары булкунуп: / — Кокуй, Отор, не болдуң, / Олтурасың улутунуп!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Бул өңдөңгөн адамды, / Мындан мурун ким көрдү, / Касабасы калкылдап, / Кара бойу бүт темир, / Күн чагылып жалтылдап, / Айбаты элди коркутуп, / Тармалкөк менен булкунтуп, / Алы келбей оозуна, / Алоолонтуп жулкунтуп, / Кутурган иттей арсылдап, / Азуулары карсылдап, / Жер дүңкүлдөп дабырты, / Жетип келди чукулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Арстаныңды жетелеп, / Алмамбет жүрөт жулкунуп, / Койо бер десе кой бер, деп, / Сакалдары эрбеңдеп, / Манас жүрөт булкунуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сойбой болбойт муну»-дөө, / Сундуруп найза жулкунуп / Өлтүрөм деп булкунуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →