булкуй
- Толмоч, жоон болуп көрүнүү булкугуй тартып туруу.
- Бултуюп, сүйлөбөй коюу, мурчуюп үн катпоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көрүнгөндөн көрүнүп, / Бетинен нуру төгүлүп, / Буурулду минип булкуйуп, / Эр Семетей көрүндү, / Эркечтей Сурду жаркытып, / Артынан чаңды баргытып, / Топону көккө сапырып, / Кабагына кар туруп, / Мурутуна муз туруп, / Абасы Семей ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сары эшек, киле - кансоргуч, / Чаначтай карды тойушуп, / Капчыгы чыгып кампайып, / Семирип тумсак булкуйуп, / Азыткы менен албарсты, / Азык буга көп болуп, / Арсаңдашып күлүшүп, / Жүгүрүп төө куш коржоңдоп, / Батмачык жүрөт молтоңдоп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Гүлчорого сүйлөнүп, / Буурулду самап булкуйуп, / Мууздап кулду салам деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Букасы менен булкуйуп, / Бул Мадыкан бадырек, / Былк этип койбой турду эле, / Ителги тийген таандай, / Имерип жааган жаандай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Буурул менен булкуйуп, / Сары ханга барды эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →