булку

китептерде 38 жолу, 6 китепте
  1. Жулкуу, силкип тартуу, кескин тартылган кыймылда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ошондо ыйлап Ламасы, / Мурутун булкуп ыргытып, / Сакалын жулкуп ыргытып, / Мурдунан суусу булактай, / Жамгырдай жашы төгүлүп, / Алдындагы Бекбача, / Ал Ламанын көзүнө, / Азирейил көрүнүп, / Акырет алып кетчүдөй, / Булкулдатып жөнөдү, / Чылбырдан алып сүйрөтүп, / Жулкулдатып жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көөдөндөрүн тирешип, / Буттары жерди жирешип, / Булкуп- силкип имерип, / Так көтөрүп аларда, / Салмагын жерге салганда, / Тизеден жерге малынып, / Жер чыдабай жарылып, / Топурак учуп, тоз учуп, / Тунарыктап боз түш… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сойлотуп Чубак эрлерин, / Пил менен калды булкушуп, / Тарткандай улак жулкушуп, / Тумшуктан Чубак алыптыр, / Тумшугун сууруп ала албай, / Туруп пили калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колундагы найзаны, / Артына түртүп чиренип, / Тапактын колу аркага, / Кайрылып барган кездерде, / Катуу булкуп тартканы, / Кыргыздын кыраан арстаны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Дагы эки күн алышты, / Аттарын аса байлашып, / Кемерден аткый кармашып, / Аркасына сүрүшүп, / Этектен бурдай түрүшүп, / Чымдуу жерди коо кылып, / Дөкдүр жерди ой кылып, / Көйкөлгөн шибер тулаңды, / Кашкайган чыйыр жол кылып, / Булкуп-силкип ыргытып, / Ыргыттырбай тырмышып, / Эки күн өттү бул жумуш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →