булдура
- Ачык эмес, даана эмес сүйлөө, айкын болбогон үн, дабыш чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тили келбей күрмөөгө / Булдурашып баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өз атасы кайрыдин, / Мал үчүн таштайт уйатын, / Абыке, Көбөш иниси, / Күнү катын балдары, / Абалын көрүп турасың, - / Абаң Кошой туралбай, / Сакалы ылдый жаш агып, / Сүйлөй албай булдурап, / Тили калды байланып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мээнин кабы жарылган, / Жүрбөй каны уйуган, / Сүйлөбөй тили буулган, / Айабастан иштетип, / Канча түрдүү дарыдан, / Арылган араң ириңден, / Ириң жеп тамыр чириген, / Ушундай түрдүү себептен, / Тили кечир булдурап, / Так келе албай чулдурап, / Кулагын турган чер басып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Те береги маңдайда алыстан булдураган кара тоонун чокусунда чокмороктоп турган топ ак булутка күндүн нуру чагылышып, жер-дүйнө мемиреп, алда кандай бир белгисиз жорук таасирлентип турду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →