булгун

китептерде 11 жолу, 5 китепте
  1. Териси баалуу жаныбар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аккулага сары улак, / Садагасын чаптырып, / Суусар менен сүлөөсүн, / Кундуз менен булгунун, / Жансыздарын чогултуп, / Бай Жакыпка тапшырып, / Нары менен жылкысын, / Соогатчыга таратып, / Ырысын көр мунун деп, / Зоок калтырып каратып, / Касиеттүү Акба… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…он, / Өркөчтүн учун ийбеген, / Дегеле киши тийбеген, / Асый буура, минген төө, / Андайлардан көп келди, / Буулум келди жылтылдак, / Булгаары келди кыйчылдак, / Булгун ичик кулпурган, / Сүлөөсүн ичик сеңселген, / Көтөрүп келип жатышат, / Абышка кемпир бөкчөйгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…сыныңа, / Элиң менен шаарыңды, / Энчисине кызыңдын, / Кошуп бергин баарыңды – / Айабагын малыңды, / Алтын, күмүш, зарыңды, / Торгун, тубар, дуудунду, / Суусар, булгун, буулумду, / Сүлөөсүн менен кундузду, / Колуңан келсе кошуп бер, / Асмандагы жылдызды, / Айкөл шердин тукуму, / Айабагын бир кызды”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кундуз, маржан, жакуттан, / Булгун, кемчет асылдан, / Мой менен таштын баарынан, / Жүктөп келгин абыдан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Атаңды көрү шум дүйнө, / Беш кубулат бир күндө, / Маңгыттан калган мал-пулдан, / Алтын, күмүш-зарынан, / Торгун, тубар, буулумдан, / Сүлөөсүн, суусар, булгундан, / Ар бир сонун буруудан, / Токтобой көзгө кубулган, / Олжо алсак экен, деп, / Опколжуп калды келген эл, / Аркасынан көрүнбөй, / Мурун барып алам, деп, / Кетип… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →