булгала

китептерде 41 жолу, 9 китепте
  1. Ары-бери булгап шилтөө, бир нече ирет булгай шилтеп желбиретүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күүлөп-күүлөп булгалап, / Буркун, буркун, буркун, деп, / Атын айтпай Ламалап, / Бекбачаны көмө чаап, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күркүрөтүп булгалап, / Күүлүү найза урушту, / Адис болгон берендер, / Бендеден белдүү эрендер, / Эбегейсиз урушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…качты деп, / Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыда минген Алгара ат, / Айабай камчы бир салат, / Бөрү тилдүү өткүр курч, / Найзасын күүлөп булгалап, / Казыдай мойну узарып, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ети жаштан Сейитке / Жетимиш эки өнөрдү, / Калтырбастан үйрөткөн, / Арка-аркадан тарткан жаа, / Бири да тийбей калганга, / Тете жаман арданды, / Салмоорун алып булгалап, / Кой башындай таш салды, / Тегереткен салмоордон, / Күркүрөгөн үн чыгат, / Чагылган чыгып жаткандай, / Жаалысы катуу сүр чыгат, / Салмоордун угуп үнүнөн, / Ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Көптөн бери көрбөгөнгө сагынып калгандай мага куйругун булгалап, көзүн жалдыратып, эркелеп коёт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →