булгаары
- Иштетилген тери.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…буттуу чач теңге, / Аркасында шаркылдап, / Туура тарткы күмүштөн, / Маңдайында жалтылдап, / Элечеги заңкайып, / Кийгени кызыл дейилда, / Келишимдүү залкайып, / Булгаары тердик беш кадак, / Бурчунда, чеге жаркылдап, / Кундуз менен жээктеп, / Куйушканын байлабай, / Күмүш менен тээктеп, / Үзөңгү күмүш жалтылдак, / Тогоосу алтын ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Булгаары тердик, көк наакы, / Баатыр шерди карачы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…годон, / Жыртылбаган торко тон, / Өркөчтүн учун ийбеген, / Дегеле киши тийбеген, / Асый буура, минген төө, / Андайлардан көп келди, / Буулум келди жылтылдак, / Булгаары келди кыйчылдак, / Булгун ичик кулпурган, / Сүлөөсүн ичик сеңселген, / Көтөрүп келип жатышат, / Абышка кемпир бөкчөйгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Суудан чыкты кылк этип, / Алтын така күмүш мык, / Төрт айакта жылт этип, / Булгаары тердик, көн желдик, / Бурчунан суусу шорголоп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ийнине асынган булгаары сары сумкасы бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →