булбул

китептерде 71 жолу, 8 китепте
  1. Үнүн кубултуп, таңшып сайроочу боз түстөгү кичинекей канаттуу.
  2. өт. Обону өтө жагымдуу ырчы, төкмө акын.
  3. Бугунун мүйүзүнөн алынуучу суюктуктан жасалган дарынын аталышы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Нурпануну периден, / Бекбачанын алганы, / Пендеден алдым үч катын, / Биринен бала калбады, / Колумда бар Айбала, / Адамдан артык Акмаңдай, / Булбул тилдүү жез таңдай, / Алты жыл ноокас болупмун, / Текес, Күнөс, Жылдызда, / Кырылып кыргыз болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сайрабай булбул тил катып, / Молдо торгой, сандыгач, / Сүйлөй албай буулукту, / Мурун кудай такшанып, / Күкүктүн баары күдүңдөп, / Көк асман бети бүрүлдөп, / Көрүнбөй көзгө күүгүмдөп, / Кээде олтуруп, кээде кооп, / Тели болгон жылкыдай, / Чакчелекей жүгүрөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…генсип, / Шамал чыгып куулдап, / Жыгачтын баары шуулдап, / Кут болсун тойуң, дегенсип, / Түнөөдөгү канаттуу, / Үн салышып чуулдап, / Корооздун баары чакырып, / Булбулдар сайрап такшынып, / Көлдөгү суулар чайпалып, / Шамдай күйүп жылдыздар, / Жердин бети жапжарык, / Эчтеме менен кээри жок, / Тим жүргөндөр ар кайда, / Айланып баш… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Көпөлөк учуп, гүл жайнап, / Булбул сайрап, тил безеп, / Жан-жаныбар кыбырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Балдарым, мен бир түш көрдүм, түшүмдө бир булбул үнүн мукам-мукам чыгарып укмуш сайрады, мен ошол булбулга ашык болуп, ашыктыктанн ооруп, минтип төшөктө жатамын, булбулду мага кимиң алып келип бересиңер? Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →