булакта1

китептерде 20 жолу, 7 китепте булакта 2 →
  1. Оргуштап атуу, атырылып мол чыгуу, көп чыгуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Деп оолугуп ламасы, / Башын силкип буркундап, / Нары кетип шалактап, / Бери болуп булактап, / Опсуз жаман күүлөндү, / Оозунан көбүк буркулдап, / “Каргаса лама оңобу, / Бекбача иши болобу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Манастын мойнун кучактап, / Желкесинен бир жыттап, / Токтобой кетти Чыйырды, / Көзүнүн жашы бурчактап, / Бакдөөлөт чыкты аңгыча, / Узун көйнөк булактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…аштык кылып тура албай, / Гүлчоро калды шалактап, / Алтайга минсе арыбас, / Карк үч айлык урушта, / Нойубаган талыкпас, / Суркойон калды далактап, / Куйруктары булактап, / Кутубайдын кара дөө, / Анда туруп муну айтат: / — Айланайын, абаке, / Кандай душман келди эле? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бешим маалы болгондо, / Эрке катын Чачыкей, / Ордодон чыкты маңкайып, / Ак кулжадай даңкайып, / Эки жагын каранып, / Карчыгадай таранып, / Кызгалдактай кылактап, / Асталай басып булактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ушул убакта мен баягы жүрбөй келе жаткан Беккул көрүнөбү деп, артыма караганымча болбой, куйругун булактатып, сайдан жогору карай салып чыгып келе жаткан бир карышкыр көрүндү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →