булак1
- Жер астынан чыккан суу, кайнар, башат.
- өт. Бир нерсенин келип чыккан жери, кенчи, негизи.
- Көп, толгон, мол. Жазында булак сүтүм бар, Жарым айыл тойгондой (Осмонов).
- Жаман суюктук, ириң бөлүнүп чыгуучу кулак оорусу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кулдуктун оозу ачтырды, / Шейит булак ат койуп, / Ташка ойдуруп жаздырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ — Тээ капкара болгон эмине, / Агып жаткан булакбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чоронун аты койулуп, / Булагын Баймат ээлеген, / Тазбайматтын Майбулак, / Айтылып калган кеп экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Барып жетсе Гүлчоро, / Кара дөө турат калдайып, / Колдорунан кан агып, / Бүткөн бойдон тер агып, / Эки буттун ортодон, / Булактай булуп суу агып, / Гүлүстөндү көргөндө, / Кара дөө калды дууланып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бир күнү Жылуу Булактын боюнда жакшылар жыйналып топ кылып жатат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →