букара

китептерде 36 жолу, 9 китепте
  1. Бирөөгө таандык, бирөөнүн көзүн караган, кандайдыр бир мамлекетке, хандыкка ж. б. таандык болгон адам.
  2. Кедей, эмгекчил карапайым эл.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ойуна алды Бекбача: / “Карапайым Букара, / Буларда жок эч жазык, / Күндөн-күнгө көбөйтүп, / Мен жүрбөйүн кан чачып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ханы жок кара букара, / Камалда калган колго окшош, / Эри жок ээн калган журт, / Эс жыйа элек бала окшош. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
— Мунун Манастыгы чын экен, / Атын Манас койуптур, / Өзү да Манас уул экен, / Ушалансын улуктар, / Эл башкарчу бул экен, / Баралына келгенде, / Падыша болчу бала экен, / Ушул бүгүн турушу, / Падышача бар экен, / Букарада не жазык, / Кыл дегенин кылганбыз, / Кызыталак хандардын, / Айтканын кандай кылбайбыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…/ Алдында минген тосур ат, / Албан түрдү жүгүрүп, / Аркасынан чыккан чаң, / Аткан таңдай түрүлүп, / Жер килити сөгүлүп, / Көргөндүн көөнү бөлүнүп, / Көбү калды букара, / Гүлчородон түңүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Анткени, солдат бербейли деп ага чыдабай, берели десе «эгер бизди солдатка кармап берчү болсоңор, алды менен силерди жайлап туруп, анан кетебиз» деп колуна түкүрүп, дүркүрөп, бирден көтөрүлгөнү турган калың букарадан айбыгып, артын качырып, жалтактап турган эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →