бук1
- Капа, санаа, убайым, ичке толгон кайгы-капа, куса.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Шайбырлап басып бергенде, / Караса көзгө илинбей, / Аркасында чаң калып, / Көкүмдөн угуп кабарды, / Кыргыз эли камданып, / Орунбайдын миң балбан, / Кайтарып Манас ордосун, / Карап турат каарданып, / Касаба тоодой жарданып, / Карапайым букура, / Алда эмне шумдук, деп, / Карап калат таңданып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кайнаган ооган эл келип, / Байлоодо жатып бук болгон!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сейитинин кылычтан, / Кан жошулат себээлеп, / Калкан туткан жандарды, / Кара жерге тебээлеп, / Балбандын баарын жеп болду, / Бук ичиме жык толду, / Качып келген желмогуз, / Арка болуп Тапан хан, / Эл азайып жок болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Он төрт жыл көрбөй абамды, / Ичим бышып бук болдум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Мал семирип, нык болуп, / Эл семирип, бук болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →