буйтка1
- Далдаа, булуң, буйгат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жойкуманы кындады, / Найзаны кармап ыргады, / Өкүрүп атын сабашып, / Ойрон Сыргак баатырга, / Жетти булар жанашып, / Качырып барып эр Сыргак, / Кылт эте берди буйткарып, / Калды булар адашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Муну ойлонуп Нескара, / Будурмак тоону бет алып, / Качып калды буйткалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бир күндүк болсо көөнүңүз, / Бир кыз таап келейин, / Түбөлүк жармын дебеңиз, / Ачык жообуң бериңиз, / “Ойносоң ойлоп айткын” деп, / Билинип калды пейлиңиз, / Жашырган менен батпады, / Жарылып калды кебиңиз, / Жаркабак кеби ырас, деп, / Бузулган болсоң мейлиңиз, / Буйткап кебиң тангыдай, / Жалчы эмес тегиңиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бууданга барып келгиче, / Бурула берип токойго, / Буйткалап Жолой кутулган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →