буйта

китептерде 45 жолу, 3 китепте
  1. Кескин аракет жасап, бурулуп кетүү, карматпоого, жазгырып кетүүгө аракет кылып, ойт берүү.
  2. өт. Тайсалдоо, эптеп кутулуунун аракетинде болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Темири учуп асманга, / Күн чагылып жалтылдап, / Кимибизге түшөт, деп, / Башына калкан жамынып, / Аскердин баары калтылдап, / Аңгычакты болбоду, / Талананын башына, / Чапкан балта чакылдап, / Айта- буйта кылгынча, / Ана- мына дегинче, / Ачып көздү жумганча, / Андас тууган Кененим, / Алтымыш койуп өттү эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Койондой буйтап Телкүрөң, / Ордун салып жазгырып, / Жерге тийген чокмордон, / Топурак көккө чачылып, / Урма кулак кара суу, / Жерге чыкты атылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Тумшугун булгап кызыл пил, / Эр Сейитти чабарда, / Чапса майып кыларда, / Койондой буйтап Телкүрөң, / Чыга берди туурага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Этеги колдон кеткен кез, / Буйтадан калган найзага, / Эр Сомбилек жеткен кез, / Бергиси келсе жараткан, / Жакшылыгы өтө тез, / Өзү адис шамдагай, / Адамдан башка чабандес, / Адис болгон кара көк,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
/ Сатай деген бар эле, / Кеп айтканы шар эле, / Ойрот, Буйта бар кезде, / Калдайлардын алдында, / Кеп айтаары ал эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →