бузуку
- Жаман ойлуу, бузуп-жарган куйту, азгыргыч.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— деп, / Батайдан ачуу келди эле, - / Эл карысы деп жүрсөм, / Эл бузугу экенсиң, / Калк карысы деп жүрсөм, / Калк бузугу экенсиң, / Какжаңдаган куу баш чал, / Карганда болуп бузуку, / Кай муратка жетерсиң?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бузуку болсо арада, / Батырат кээде санаага, / Кытайдан келген Алмамбет, / Казакка келип эл болгон, / Айдаркандын Көкчөгө, / Арка тирек бел болгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бузукунун сөзүнө, / Тегеле кулак салба — дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Анын колуна түшкөн адам жатса соо калбайт...—деп түшүндүрүп жатты, Кыргыз-Сайдын бузукулары.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Адил хан "ушундай элине кайрымдуу, бечарага дитин берген, эл үчүн туулган адамды өлтүрүүгө болбойт, биздин ичибизден чыккан бузукулар уруштурган турбайбы", дейт да Жоомартка таажысын кийгизип, тагына мингизип хан көтөрөт, өзү ага вазир болот.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →