бузук

китептерде 120 жолу, 9 китепте
  1. Бузулган, оңунда эмес.
  2. Куйту, жаман ойлуу, бузуку.
  3. Бузуктук, бузукулук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ысыккөл менен Атбашы, / Алматы калса кыргызда, / Тумтак күнүн түгөтүп, / Томсортот элек кыргызды, / Тордун баарын жырылтып, / Каракөз салды бузукту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
жерге жол салчуу, / Бейкут элге кол салчуу, / Мен эмесмин, Дабытай, / Алты атамдан жети атам, / Айтканын танган эр эмес, / Ак калпак кыргыз биздин эл, / Пейли бузук эл эмес, / Колго тийсе кош болгон, / Кишинин баары сен эмес, / Ушул кылган жумушуң, / Адам кылар иш эмес, / Ууруча барып айлыңа, / Кол салуучу мен эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көкчөдө эки катын бар, / Агеркеч аттуу чоңу бар, / Алмамбет менен ойнош, деп, / Ушак тапты казактар, / Буудайбек – кичи катыны, / Бузуктар аны табышты, / Абдан аны көкүтүп, / Арасына алышты: / Жыйын куруу шылтоосу, / Чогула келип калышты, / Эл баштыгы алтымыш, / Эр Көкчөнүн залдары, / Арактан бери… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Буруп, бузук кеп кылып, / Буурул аттан айырдын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Адамды аё деген жек, жандан кечкен бузук. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →