буз

китептерде 642 жолу, 10 китепте
  1. Кандайдыр бир имаратты, үйдү, курулушту ж.б. кыйратуу, талкаланган, ураган абалга келтирүү.
  2. Айрым бөлүктөргө ажыратуу.
  3. Жирөө, тилүү, кесүү.
  4. Тоскоолдук кылуу, үзүү, бөлүндү кылуу, бөлүү.
  5. Башкача жытка, түскө айландыруу, кадимки калыбын, абалын өзгөртүү.
  6. өт. Азгыруу, тескери ишке үгүттөө, туура жолдон чыгаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бузулбайсың ар качан, / Бириңди бириң аркадан, / Ушак айың кылбасаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Саламатты бузбасам, / Карайт беле Кененим, / Талана бар менде деп, / Көңүлүм ток жүргөмүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алмамбет мындай ойлонуп, / Чалкып жаткан көл болуп, / Бузулуп ичи турганда, / Күн шашке кезинде, / Баскалы турган нээтинде, / Токтор менен Чайаны, / Токтолбой жетип барганы, / Муну айта салганы: / — Эки күндөн бер жакка, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Ынтымак, дөөлөт - бир тууган”, / Бузулбаса ынтымак, / Дөөлөттү бузуп ким кууган? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жолчулардын кесиби болсо жолдун ташын терет, бузулган, суу жеген жерлерди, көпүрөлөрдү оңдойт; кыш болсо бирден чолокторун арнап, байлап коёт да, кезек менен Кызыл-Кыядан почто чыгарышат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →