бугу
- Ача туяктуу, мүйүзү бутактанган кепшөөчүлөр тобуна кирүүчү жаныбар, маралдын эркеги.
- Элдик календарь боюнча төртүнчү айдын аты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Адырда кулжа дардаңдап, / Бугулар качып каркаңдап, / Айулар качып саксаңдап, / Токойдо доңуз корсулдап, / Мылтыктын үнү чыкканда, / Кузгун жетет куркулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…, / Жетпесе ажал өлтүрбөс, / Дары чөптөр бар экен, / Улар деген улуу куш, / Ушул жерде көп экен, / Улардын эти медеткер, / Аркардын эти себепкер, / Муунга дары бугу эти, / Кашкулак өтү табылбайт, / Коросон, испан дегенде, / Көк жорунун өзү жок, / Бел ооруга берерге, / Өтүн ичет турбайбы, / Этин жебей бул жерде, / Тоо текес…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бута атымча калганда, / Бугу кайыш нөкөрү, / Ажыбай хандын жөкөрү, / Суруп белден ыргытып, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келинден бетер жүгүнүп, / Кандыргалап бүгүлүп, / Катындан бетер жүгүнүп,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлчоро менен Кара дөө, / Ошол жерге жатышты, / Тандап туруп бугунун, / Семизинен атышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Көп мезгилден кийин аркан чирип үзүлөт, бугу болсо качып кетет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →