буга
- бул деген шилтеме ат атоочтун барыш жөндөмөдөгү формасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Акыл ойлоп арбытып, / Арстан Кенен көөнүндө, / Алдында минген Кеңкула, / Айбан жетпейт так буга, / Коргонду карай жөнөдү, / Камчы берип бууданга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Токойго бала барыптыр, / Топ-топ жүргөн кырк бала / Жолугуп буга калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…елбей Бадыкүл, / Эрдемсип болбой кектешип, / Манастан өлүп калганы, / Бойунда калган болуучу, / Бадыкүлдүн алганы, / Жалгыз көздүү бала экен, / Басташпайт киши буга, деп, / Мадыкүл атка конуптур, / Чоңойгондо Бадыкүл, / Опсуз балбан болуптур, / Атасынан бешбетер, / Бет алган жакты соруптур, / Пендеден башка чоңойуп, / Тең …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Буга бизден бөлөк элдин түгү коробойт экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Буга да:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →