бубак

китептерде 2 жолу
  1. Тумандуу суукта кыроо сыяктуу түшкөн үлпүлдөк жука кар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Калың бубак турган талдын баштары сынып кетчүдөй болуп ийилип турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бир түп чийдин дүңгөсү кучак келип, башына турган бубактар салаңдап, кой аралаганда жонуна куюлуп турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →